Автор работы: Пользователь скрыл имя, 19 Февраля 2013 в 08:21, курсовая работа
Педагогиканын калыптанышы турмуштук байкоолордон жалпылаштырууга карай, тарбия жөнүндөгү ар түрдүү ойлордун айтылышынан толук педагогикалык системаларга карай, эмпирикалык сунуштардан нукура теориялык изилдөөлөргө карай, эркинче айтылган ойлордон эксперименталдык текшерилүүчү концепцияларга карай, сапаттык анализдөө методдорун колдонуудан так (өлчөө, ченөөлөрү болуучу) сандык баалоолорго жана мүнөздөмөлөргө карай, жоромолдуу ойлор менен утопиялардан илимий алдын ала көрө билүүлөргө карай багытталып калыптанып олтурган.
1 Глава. Педагогиканын калыптанышы
1.1Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү.
1.2. Педагогиканын тармактары жана бөлүмдөрү, алардын
башка илимдер менен болгон байланыштары.
2 Глава. Педагогиканын жалпы түшүнүктөр
2.1. Педагогиканын негизги категориялары.
2.2. Советтик педагогиканын пайда болушу жана өнүгүшү
Колдонгон адабияттар
2 болум. Педагогиканын жалпы түшүнүктөрү
2.1. Педагогиканын негизги категориялары
Педагогиканын жалпы түшүнүктөрү (категориялары) – тарбиялоо, окуу, окутуу, билим берүү, педагогикалык процесс. Мына ушул ж. б. педагогикалык түшүнүктөрдүн мазмуну стабилдүү (туруктуу) эмес. Категорияларда аларда белгиленүүчү чындыктуу кубулуштардын өзгөрүүлөрү жана илимий ойдун ар бир кубулуштун маани-маңызына тарап жайылышынын даражасы чагылдырылат. Kөп педагогдор (П. Г. Редкин, А. Н. Острогорский, Л. Н. Толстой ж. б.) өз эмгектерин түшүнүктөрдү анализдөөгө жана аларга аныктама берүүгө, алардын арасындагы өз ара байланыштарды мүнөздөөгө арнашкан. Педагогикалык түшүнүктөрдүн системасын иштеп чыгуу, тиешелүү аныктамаларды жана терминдерди тактоо иши улантылып жатат; ошондой болсо да педагогиканын категорияларын азыркыча түшүнүп кабылдоого мүнөздүү болгон негизги тенденциялар ачык болду.
Тарбиялоо, сөздүн кең маанисинде – өсүп-өнүгүүгө таасир этүү жана ошол таасирдин натыйжасы. Адамды анын бүткүл өмүрү (турмушу) тарбиялайт деген ойдун мааниси да дал ушунда. Сөздүн адистик тар маанисинде тарбиялоо деп тарбиялоочунун жумушун, өсүп-өнүгүүгө максаттуу жетекчилигин жана ошол жетекчиликтин натыйжасын түшүнөбүз. Педагогикалык жетекчилик мурдагы педагогикада тарбиячынын тарбиялануучуларга түздөн түз таасир этүүсү деп эсептелинип келген. Илимий педагогика ырастоосу боюнча адамдын инсандыгы ишмердик процессинде калыптанат. Бул ишмердүүлүүк өсүп-өнүгүүгө чоң таасир этет, б. а. тарбиялайт.
Белгилүү педагогдордун
Окуу – бул түшүнүктү кыскача билимдерди, билгичтиктерди жана көн-дүмдөрдү өздөштүрүү деп аныктоого болот. Мурда бул термин адамга гана карата колдонулуп келген болсо, азыр кибернетикалык адабияттарда ал о. эле машиналарды “окутууга” карата да пайдаланылат. Ушуга байланыштуу “окуу” түшүнүгү максаттуу аракеттердин тажрыйбасы катары бир кыйла кеңири талкууланып жүрөт.
Окутуу – сөздүн тар маанисинде, окууга жетекчилик кылуу. Кең мааниде алганда окутуу эки жактуу процесс; ал окуу материалын берүүнү жана өздөштүрүүнү, б. а. мугалимдин ишмердигин (сабак берүүнү) ж-а окуучулардын ишмердиктерин (окуп билим алууну) ичине камтыйт.
Билим берүү – системалаштырылган билимдерди жана аларга байланыштуу болгон практикалык таанып билүүчүлүк ишмердикти өздөштүрүү процессин жана натыйжасы.
Коомдун алгачкы өнүгүү жолунда
билим берүү өткөн муундардын
тажрыйбасын үйрөнүп-билүү
Педагогикалык
процесс улам жаңыланып туруучу
социалдык маселелерди
Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү
Педагогиканын
калыптанышы турмуштук
2.2. Советтик педагогиканын пайда болушу жана өнүгүшү
В. И. Ленин элге билим берүүнүн, маданияттын жана агартуунун өзөктүү проблемаларын иштеп чыгып ишке ашырууга түздөн-түз өзү катышкан. Педагогиканын теориясынын өнүгүшү анын саясатка байланышы, пролетариаттын маданий мурастарына жана эски мектепке болгон мамилеси жөнүндөгү, коммунисттик моралда тарбиялоонун мазмуну жана методдору жөнүндөгү, жалпы билим берүүчү мектептин окуучуларын политехникалык даярдоо жөнүндөгү маселелерге түздөн-түз байланыштуу болууга тийиш эле. Мына ушул ж. б. толуп жаткан татаал суроолорго В. И. Лениндин макалалары, мугалимдердин, саясый агартуу кызматкерлеринин, жаштардын алдында сүйлөгөн сөздөрү, анын Наркомпрос кызматкерлерине берген директивалары жооп берген. В. И. Ленин жаңы коомдо окуу, тарбия жана билим берүү эскиче калуусу мүмкүн эмес, бирок алар эски коомдон калган материалга таянышы керек деп көрсөткөн. Агартуу боюнча Бүткүл россиялык 1-съезддин (август, 1918) катышуучуларына элге билим берүү тармагындагы Совет өкмөтүнүн саясатынын принциптүү негиздерин түшүндүрүп жатып В. И. Ленин “...турмуштан четтеги, саясаттан четтеги мектеп – бул жалган жана эки жүздүүлүк” деген.
Билим берүүдө улуттук, сословиелик, динге ишенүү ж. б. чектөөлөрдүн алынып ташталышы, чиркөөнү мамлекеттен жана мамлекетти чиркөөдөн ажыратуу, мектепти башкаруудагы эски сословиелик-бюрократтык аппаратты жоюу жаш муундарды окутуунун жана тарбиялоонун бардык иштерин түптамырынан кайра курууга жол ачкан. Өткөн мезгилдеги педагогиканын прогрессивдүү идеялары (билим берүүнү динге байланыштырбоо, эркек балдарды кыздар менен бирге окутуу, эмгекке тарбиялоо) ишке ашырылган; тарыхта болуп көрбөгөндөй ири маселе – мектепти таптык үстөмдүктүн куралынан коомду таптарга бөлүштүрүүнү толук жок кылуунун куралына айландырып, аны адамдын личностун тарбиялоонун куралы катарында пайдалануу ишке ашырылган.
Турмуштук муктаждык болгондуктан, жаңы мектептин актуалдуу проблемалары РСФСР Наркомпростун илимий-методикалык комиссияларында эч токтоосуз каралып турган. Педагогика боюнча изилдөө иштери кеңири жүргүзүлө баштаган. Наркомпростун алдында коммуна мектеби, тажрыйба станциялары сыяктуу изилдөө лабораториялары уюштурулган. Аларды П. Н. Лепешинский, М. М. Пистрак, С. Т. Шацкий ж. б. башкарып, тарбиялоонун жана окутуунун жаңы методдорун иштеп чыгып, практикада текшерип турушкан.
Педагогика боюнча теориялык ишти туңгуч советтик педагог-марксист Н. К. Крупская башкарган. Октябрь революциясынан кийин А. В. Луначарский, М. Н. Покровский элге билим берүүнүн көрүнүктүү ишмерлери менен бирдикте Н. К. Крупская К. Маркс, Ф. Энгельс жана В. И. Лениндин идеяларын активдүү пропагандалап, аларды теориялык жактан иштеп чыккан. Н. К. Крупская коммунисттик тарбиянын жана дидактиканын теориялык проблемалары боюнча иштеген, балдардын коммунисттик кыймылынын маанисин ачып көрсөткөн, саясый-агартуучулук иштердин көптөгөн орчундуу маселелерин иштеп чыккан. Педагогиканын предмети, анын философияга болгон катышы, педагогикалык ойлордун өнүгүшүнүн диалектикасы деген сыяктуу методологиялык маселелер П. П. Блонский, А. Г. Калашников, А. П. Пинкевич, Б. Б. Комаровский, И. Ф. Сводовский, О. В. Трахтенберг ж. б. эмгектеринде берилген.
Советтик мектептин жана педагогиканын он жылдык өнүгүшүнүн жыйынтыгы А. Г. Калашниковдун редакциясында даярдалган 3 томдук педагогикалык энциклопедияда (1927–1928) чагылдырылган.
КПСС БКнын 1931-жылдын 5-сентябрындагы “О начальной и средней школе” деген токтомунда буга чейин сунуш кылынып келген мамлекеттин жок болушу менен мектеп да кошо жоголот да, анын ордун мектептен тышкаркы иштердин ар түрдүү формалары жана методдору ээлөөгө тийиш деген жалган теорияны айыптаган. Педагогика тармагындагы илим изилдөө иштеринин мазмуну кескин өзгөрүлүп, дидактика менен методикаларды иштеп чыгуу тездетилип, мектеп башкаруу маселелерине орчундуу көңүл бурула баштаган. 1934-жылы педагогика боюнча М. М. Пистрактын педагогикалык институттар үчүн “Педагогика” окуу китеби чыгарылган. 1934–40-ж. педагогика боюнча чыгарылган жаңы окуу куралдарын даярдоодо И. А. Каиров, П. Н. Груздев, Е. Я. Голант, Н. К. Гончаров, С. М. Pивec, Л. Е. Раскин, С. Х. Чавдаров ж. б. эмгектенишкен.
Өткөн кылымдын
30-жылдарынын биринчи жарымындагы
педагогикалык адабият
Социалисттик закондуулук бузулуп турган мезгилде педагогиканын көптөгөн көрүнүктүү ишмерлери чагымдын жана репрессиянын курманы болушкан. Бирок алар советтик педагогиканын өнүгүүсүн токтото алышкан эмес. 1941–45-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу сыноосун советтик педагогика жана мектеп өздөрүнүн негизги милдеттерин ийгиликтүү аткаргандыгын ачык көрсөттү.
1943-жылы
РСФСР педагогикалык илимдер
Академиясы (1966-жылдан СССР