Автор работы: Пользователь скрыл имя, 19 Февраля 2013 в 08:21, курсовая работа
Педагогиканын калыптанышы турмуштук байкоолордон жалпылаштырууга карай, тарбия жөнүндөгү ар түрдүү ойлордун айтылышынан толук педагогикалык системаларга карай, эмпирикалык сунуштардан нукура теориялык изилдөөлөргө карай, эркинче айтылган ойлордон эксперименталдык текшерилүүчү концепцияларга карай, сапаттык анализдөө методдорун колдонуудан так (өлчөө, ченөөлөрү болуучу) сандык баалоолорго жана мүнөздөмөлөргө карай, жоромолдуу ойлор менен утопиялардан илимий алдын ала көрө билүүлөргө карай багытталып калыптанып олтурган.
1 Глава. Педагогиканын калыптанышы
1.1Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү.
1.2. Педагогиканын тармактары жана бөлүмдөрү, алардын
башка илимдер менен болгон байланыштары.
2 Глава. Педагогиканын жалпы түшүнүктөр
2.1. Педагогиканын негизги категориялары.
2.2. Советтик педагогиканын пайда болушу жана өнүгүшү
Колдонгон адабияттар
План
Кириш соз
1 Глава. Педагогиканын калыптанышы
1.1Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү.
1.2. Педагогиканын тармактары жана бөлүмдөрү, алардын
башка илимдер менен болгон байланыштары.
2 Глава. Педагогиканын жалпы түшүнүктөрү
2.1. Педагогиканын негизги категориялары.
2.2. Советтик педагогиканын пайда болушу жана өнүгүшү
Колдонгон адабияттар
1 болуму. Педагогиканын калыптанышы
1.1Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү
Педагогиканын калыптанышы турмуштук байкоолордон жалпылаштырууга карай, тарбия жөнүндөгү ар түрдүү ойлордун айтылышынан толук педагогикалык системаларга карай, эмпирикалык сунуштардан нукура теориялык изилдөөлөргө карай, эркинче айтылган ойлордон эксперименталдык текшерилүүчү концепцияларга карай, сапаттык анализдөө методдорун колдонуудан так (өлчөө, ченөөлөрү болуучу) сандык баалоолорго жана мүнөздөмөлөргө карай, жоромолдуу ойлор менен утопиялардан илимий алдын ала көрө билүүлөргө карай багытталып калыптанып олтурган. Көп тармактуу бул татаал процесс уланууда, азыркы педагогиканын түрдүү бөлүмдөрү бирдей өнүккөн жок. Мис.; окутуу процессин изилдөөлөрдө сандык талдоо методдору кеңири колдонулат, мында окутуунун алгоритмдери аныкталат, аны программалоонун проблемалары иштелип чыгат, бирок, тарбиялоонун методун иликтеп изилдөөдө сандык талдоо методун колдонуу боюнча биринчи гана кадамдар жасалууда. Социалдык-педагогикалык проблемаларды изилдөөдө тарбиялоо теориясы билим берүү теориясынан бир кыйла алдыда. Педагогиканын өсүп-өнүгүүсүнүн түрдүү этаптары түрдүүчө тереңдикте жана түрдүү толуктукта изилденген, бирок, бул процесстин негизги контуру жетишерлик даражада аныкталган. Бизге белгилүү болгон биринчи педагогикалык жалпылоолор кул ээлөөчүлүк коомдогу тарбияга тиешелүү. Тарбиялоонун жана окутуунун максаттары, тартиптин мааниси, мугалимге жана окуучуга коюлуучу талаптар жөнүндөгү пикирлерди Байыркы Чыгыштын ойчулдары айтышкан. Ал пикирлерди эмпирикалык системалардын педагогикасынын башталышы деп кароого болот. Байыркы доордун педагогикасы сөзсүз авторитардык болгон. Анын максаты тарбиянын жардамы менен ыймандуулукту жана каада-салтты, коомдук түзүлүштү: Египетте жрецтер сословиесинин талашсыз авторитетин, Индияда касталык топтордун түзүлүшүн, Кытайда императордун буйруктарын жана үй-бүлө традицияларынын кебелбес туруктуулугун сактоо болгон.
Байыркы доордогу педагогикалык ойлор философиянын, диндин, саясаттын системасында пайда болуп өнүккөн; адам, коом, жакшылык жана жамандык жөнүндөгү жалпы түшүнүктөр менен биргелешкен; диний китептерде (Библия, Куран, Талмуд ж. б.) ата-энелер жана балдар өздөрүн кандай алып жүрүү керектиги жөнүндөгү нормалар, деталдаштырылган акыл-насааттар баяндалган.
Байыркы замандын философиясы Африкада (б. з. ч. V–IV к.) эң күчтүү өнүккөн. Демокрит, Протагор, Сократ, Платон, Аристотель теоретик педагогдор болушкан. Алар мектептик жана үй-бүлөлүк тарбия маселелери менен чектелишкен эмес; социалдык кеңири проблемалар: саясат жана тарбия, мамлекет жана инсан, билим берүүнүн коомдун турмушундагы мааниси ж. б. изилдешкен. Байыркы замандын педагогикасынын тарбиядагы күчтүү жагы мына ушунда, бирок, дал ушул проблемаларды чечүүгө кул элөөчүлүк коомдун идеологиясы (тарбиянын ошол кезде жашап турган мамлекетти чыңдоонун куралы катарында пайдаланылышы, гармониялуу өнүккөн адамдын барыдан мурда кул ээлөөчүлүк мамлекет тарабынан коюлган маселелерди ишке ашыруунун каражаты деп эсептелиши) таасир эткен. Албетте, мындайларды ал кезде адам катары эсептелбеген кулдар эмес “эркин төрөлгөндөр” деп түшүнүшкөн.
Антикалык (байыркы гректик, байыркы римдик коомдук түзүлүш) педагогика тарыхый жагынан гана эмес, өзүнүн эң бай эмпирикалык байкоолору, ой жүгүртүүлөрү, көрөгөч божомолдору менен биз үчүн баа жеткис кызыктуу. Антикалык ойчулдар, о. эле педагогика кээ бир жалпы теориялык жоболорун (билим берүүнүн тарбиялоочулук баркы, адамды комплекстүү тарбиялоонун зарылдыгы, фрагментардык “көп кырдуу билимге” караганда системалык билим берүүнүн артыкчылыгы жөнүндөгү ж. б.) формулировкалашкан. Байыркы грек философиясында педагогиканын өнүгүшүнүн негизги тенденциялары: материалисттик тенденция негизинен Демокритте (б. з. ч. 460–370-ж.), идеалисттик тенденция Сократта (б. з. ч. 469–399-ж.) жана анын окуучусу Платондо (б. з. ч. 427–347-ж.) так туюнтулуп көрсө-түлгөн.
Демокриттин ырастоосу боюнча адамдын акыл-оюнун калыптанышында анын турмуштук тажрыйбасы, иши, кылык-жоругу чечүүчү мааниге ээ. “Жаратылыш менен тарбия окшош. Тарбия адамды өзгөртөт жана аны башкача кылып жаралтуу менен жаратылышты түзөт”. Анын мындай көз карашына Сократтын борбордук педагогикалык идеясы таптакыр карама каршы. Сократ педагогдун башкы милдети – адамдардын алардын өздөрүндөгү мурдатан билинбей келгенсиген түшүнүктөрдү жана элестөөлөрдү сездирип ойготуу болуп эсептелет. Буга “сократтык аңгеме” менен жетишүүгө болот, мындай аңгеме өткөрүүчү сүрөмөлөп жетелөөчү суроолорду берүү менен керектүү корутунду чыгарат. Демокриттин ырастоосу боюнча адамдар жаратылыштан эмес көнүгүүдөн, үйрөнүүдөн, аракеттенүүдөн жакшырат, ал эми Сократ боюнча жакшы болуш үчүн эмне жакшы, эмне жаман экендигин билүү гана жетиштүү. Демек, Сократ адамдын ахлак-адептүүлүгү анын билиминде деп эсептеген. Методологиялык негиздери боюнча бири-бирине карама-каршы бул позицияларда жалпы формада болсо да, тарбияны эки башка позицияда кабылдоо белгиленген. Биринчиси (материалисттик) бытиёну, жашоо-тиричиликтин мүнөзүн, тажрыйбанын ролун алгачкы аныктоочу деп тааныйт. Экинчиси (идеалисттик) “таза” аңдап сезүүнү, моралдык үгүттөөнү, таасирдүү сөздү кыялга батууну ашкере даңазалайт.
Байыркы Грециянын эң ири окумуштуусу Аристотель (б. э. ч. 384–329-ж.) материализм менен идеализмдин ортосунда олку-солку болгон, бирок, бул проблеманы теориялык жактан карап чыгып, ал акырында Демокриттин позициясын уланткан. Анын окуусу боюнча дене (тело) жандан (душа-ой) мурда жаралган сыяктуу эле акыл-эси болбогон жандын элементи да акыл-эстүү элементтен мурда жаралат... Сезим ойгонгон абал, эрктүүлүк аракеттер, о. эле кумарлануу, дилгирленүү жаңы төрөлгөн балдарга да таандык, ошондой болсо да эстүүлүк жана ойлонуу жөндөмү, албетте, кийинчерээк – алардын чоңоюшу менен пайда болот. Ошондуктан, жан (душа-ой) жөнүндө кам көрүүдөн мурда дене жөнүндө кам көрүү керек, андан ары, денеден кийин шыктуулукту тарбиялоо жөнүндө кам көрүлөт, анткени аны калыптандыруу акылды тарбиялоого, ал эми денени тарбиялоо – жанды тарбиялоого кызмат кылууга тийиш.
Байыркы Рим адабиятында педагогика маселелерине салыштырмалуу аз орун берилген.
Батыш Европа элдеринин педагогикасына христиандык идеологиянын келип чыгышы жана анын көп кылымдар бою эволюциялык өнүгүшү өтө таасир эткен. Алгачкы христианство кулдардын жана эзилген эмгекчилердин идеологиясы катары пайда болгон. Бирок, IV кылымдын башталышында эле ал идеология Рим империясынын расмий идеологиясы деп таанылган. Ф. Энгельстин сөзү боюнча “чиркөө... феодалдык түзүлүштүн эң эле жалпыланган синтези” болуп калган. Бул синтездин элементтеринин бири – тарбия, ал эми анын жетекчилери – чиркөөнүн ишмерлери болушкан. Христиандар куугунтукталган сектада болуп турганынча алар өздөрүнчө мектептер уюштурушу мүмкүн эмес же өтө татаал болгон. Христиандык духовенство күч алган кезде гана дин кызматчылары мектеп ишин колдоруна алышкан. Педагогика маселелери негизинен дин илиминин трактаттарында жарыяланып турган. Педагогиканын тарыхы боюнча таасири, азыркы буржуазиялык адабиятта христиандыктын тарбияга болгон таасири идеалдаштырылып берилүүдө. Мында баарыдан мурда христиандыктын педагогикага адамдын инсандыгы жөнүндөгү көз карашты кийирип, жакындарды сүйүп-урматтоону даңазалагандыгы белгиленген.
Экономиканын, саясаттын жана маданияттын конкреттүү шарттарына жараша түрдүү өлкөлөрдө чиркөө менен граждандык бийликтин арасындагы мамилелер ар түрдүү болуп турган. Алардын арасындагы күрөш бирде жашыруун, бирде ачык мүнөздө болуп, орто кылымдык маданият менен антикалык мурастар арасындагы мамилелер маселеси түрдүүчө чечилип келген. Педагогикалык ой-пикирлер диний догмалардын кысымында болгон: бул жарык дүйнөдөгү адамдар – келгиндер, жолоочулар; адамдын денеси – бул шайтандын түтүкчөсү; ой-пикирлер жана каалоо-тилектердин бардыгы күнөө; тарбиянын башкы максаты – тукумдарды каза таптырып, алардын арбактарын, периштелерин жоошуутуу болуп эсептелет деген сыяктуу диний догмалар орун алган. Бул көз караштар, албетте, илимге зыяндуу.
Песталоцци тарбиялоону жекечелештирүү талабын койгон, тарбия менен өнүгүүнүн өз ара байланышын ар тараптан анализдеп чыгууга аракеттенген, элементардык билим берүү теориясын түзгөн, башталгыч (элдик) мектептин жеке методикаларын иштеп чыгуу боюнча көп иштерди жасаган. Песталоццинин ысымы алга жылуунун символу, осуяттары өз учурундагы прогрессивдүү педагогиканын идеологиялык куралы болуп калган. Ошондой болсо да анын концепциялары карама-каршылыктуу болгон. Ал саясаттан көз каранды эмес мектептин болушу, балдарды курчап турган чөйрөдөн – турмуштун таасиринен изоляциялоо мүмкүн деп ишенген, эненин балага болгон сүйүүсүн тарбиянын негизги жана чечүүчү методу катары баалаган. Песталоццинин чыгармачылыгы татаал жана карама-каршылыктуу болгондугунун натыйжасында аны менен ар түрдүү багыттагы философтор жана педагогика ишмерлер байланыштуу болушкан. Германияда Кант, Фихте, Гербарт, Фребель Песталоццинин идеяларын түрдүү чечмелөө менен өздөрүн анын жактоочулары деп эсептешкен. Педагогиканын философиялык жана психологиялык аргументтүү далилденген теория катары иштеп чыгууга биринчи болуп И. Ф. Гербарт (1776–1841) аракеттенген. Ал педагогика менен этиканын байланышы жөнүндөгү маселени карап чыгып, педагогика үчүн философиялык жана психологиялык фундамент зарыл экендигин негиздеген. Гербарттын теориясынын айрым жоболору жемиштүү болгон, анын киргизген айрым түшүнүктөрү (аң-сезимдин башталышы, кызыкчылыктын көп кырдуулугу, тарбиялоочу окутуу ж. б.) кийинчерээк психологияга жана педагогикага кирди. Бирок, жалпысынан алганда анын педагогикалык концепциясы илимий жактан ишенимдүү эмес эле. Гербарттын философиясы менен психологиясы бардык кубулуштарды түбөлүктүү жана өзгөрүлбөй тургансыган элементтерге бөлүү деген метафизикалык идеяга бaш ийген, мис.; материалдык дүйнөдө – бул реалдар деп аталуучулар; адептүүлүк жагында – бул жөнөкөй, караманча абстрактуу этикалык башталыштар; адамдын психикасында – бул элементардык түшүнүктөр аң-сезимдин атомдору. Гербартчылардын балдарды башкарууну алардын эркин басынтуу катарында карагандыгы ачык авторитардык мүнөздө болгон. Гербарттын көз карашынын көп сандаган улантуучулары (О. Вильман, К. Стой, В. Рейн) анын педагогикалык системасын жакшыртууга аракеттенишкен, бирок, алардын бул аракети толук аткарылбастан, айрым гана маселелер менен чектелип калган. Педагогиканын теориясынын өнүгүшүнө Германиядагы солчул песталоцисттердин башчысы Ф. Дистервег (1790–1866) көмөк көрсөткөн. Адамдык жаратылышты жана анын өнүгүүсүн талап кылуу менен Дистервег жаратылышка ылайыкташуу принциби салыштырмалуу экендигин биринчи көрсөткөн, ал “жаратылышка ылайыкташууну” “маданиятка ылайыкташуу” (б. а. коомдук өнүгүүнүн керектөөлөрү) менен айкалыштырууга чакырган. Дидактикалык эрежелердин салыштырмалуулугун, ийкемдүүлүгүн, карама-каршылыгын алардын өз ара байланышын көрсөтүүгө багытталган анын аракеттери дидактика үчүн жаңылык болгон. Педагог-диалектик Дистервег өзүнүн дидактикасында Гегелдин өнүгүү идеясын жетекчиликке алган. Ал окутуу процессин терең анализдеп чыгып, бир топ методикалык кеңештерди берген. Педагогиканын буржуазиялык тарыхында Дистервегге тийиштүү баа берилген эмес; аны эң мыкты көрүнүктүү практик деп гана аташып, анын оригиналдуу ойчул экендиги жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.
Педагогиканын XVIII–XIX кылымда өнүгүшү социалдык-утопиячылардын окуусунун келип чыгышына байланышкан. Францияда А. Сен-Симон менен Ш. Фурье, Англияда Р. Оуэн масштабы боюнча эбегейсиз чоң, өтүмдүү, божомолдору боюнча гениалдуу, бирок илимий негизделбеген социалдык, анын ичинде педагогикалык реформалардын долбоорлорун сунуш кылышкан. Таптык-антагонисттик коомдун акылга сыйбаган структурасын жактырышпай алар “бардыгынын баары менен” күрөшүнө таянган мамлекетти сынга алышкан, коомдун жана айрым инсандын кызыкчылыктарын ар тараптан бириктирүүгө умтулушкан.
Сен-Симон (1760–1825) билим берүүдөгү сословиелик артыкчылыкты кабыл алган эмес, эмгекке жөндөмү боюнча иштөөгө бардык жарандар акылуу экендигин далилдеген; илимий билимдер да бардык адамдарга жеткиликтүү болууга тийиш. Фурье (1772–1837) келечектеги коомду бардык мамилелер күчтүү тилекке, кызыгууларга негизделген эркин эмгектик ассоциация катары элестеткен. Мына ушундай жалпы көз караштардын жана өзүнүн балдарды байкоолорунун, алардын жөндөмдүүлүктөрүн, мүдөөлөрүн анализдеп чыгуунун негизинде ал келечекте боло турган коомдогу балдарды эркин эмгекке тарбиялап өнүктүрүүнүн планын түзгөн. Оуэн (1771–1858) “Об образовании человека” (1812) деген китебинде адамдын кулк-мүнөзү айланадагы шартка жараша түптөлө тургандыгы жөнүндөгү ойду теориялык жактан өркүндөткөн. Нью-Ланарктагы (Шотландия) фабрикасынын ээси болуп туруп ал пролетарлардын балдары үчүн биринчи мектепке чейинки мекемени ачып, педагогиканын тарыхында биринчи жолу өнөр жай өндүрүшүндөгү жаш муундардын эмгегин окутуу менен бириктирген. Фабрикада балдар 10 жашынан баштап иштеп башталгыч билим алышкан. Бул ага чейинки бардык педсистемаларга караганда принципиалдуу жаңы кадам болгон. Мис., Фурьенин педагогикасында балдарды айыл чарбалык жана үй тиричилик гана жумуштарга катыштыруу каралган. 1817-ж. баштап Оуэн филантроп-реформаторлуктан коммунисттик идеяларга жана тажрыйбага өтүп оошкон. Улуу утописттердин ичинен жалгыз ал өзүнүн өмүрүн жумушчу кыймылына байланыштырган.
Буржуазиялык педагогика өзүнүн андан аркы өнүгүшүндө социалист-утописттердин прогрессивдүү идеяларын эсепке алышкан эмес. Анын ордуна позитивизмдин эклектикалык системасы барган сайын кеңири тарала баштаган. Анын негиздөөчүсү француз философу О. Конт (1798–1857) беш жыл бою Сен-Симондун катчысы жана кызматчысы болуп туруп өз мугалимин танып, билимдердин бардык тармактарын камтый турган позитивизмди философия катары жактаган. Өз учурундагы белгилүү позитивист Лафит жалгыз позитивизм гана тарбиянын системасын, б. а. универсалдуу дүйнөгө, адамга жана коомго көрсөтмө берүүчү жана баарыга жалпы (универсалдуу) эрежени, доктринаны сунуш кыла алат деген.